ТТГФ: Самарканд ветеринардык медициналык институту менен кызматташтык келишими түзүлдү.

2021-05-11 12:27:36 229

2020-жылдын 27-30-январь күндөрүндө Өзбекстан Республикасынын Самарканд ветеринардык медициналык институтуна табият таануу жана география факультетине караштуу зоология жана экология кафедрасынын башчысы Муратова Р.Т., профессор Абдурасулов А.Х., студенттер Жеңишбеков А.И. жана Рахмонов Н. иш сапары боюнча барып келишти. Институттун ректору, х.и.д., профессор Юнусов Кудайназар Бекназарович кабыл алды. Иш сапар учурунда профессор А.Абдурасулов ветеринардык медициналык институттун профессордук-окутуучулук курамына “Кыргызстандын мал чарбасынын жетишкендиктери жана ветеринария кызматынын өзгөчөлүктөрү” деген темада презентация жасады. Айыл чарба малдарынын орууларынын ДНКсын аныктоочу ПЦР жана заманбап жабдуулар менен жабдылган лаборатория менен таанышуу болду. Самарканд шаарындагы каракөл койлору жана чөл экологиясы боюнча илим изилдөө институтунун илимий өндүрүштүк ишмердиги менен да таанышуу жүрдү. Институттун директору, а-ч. и.д., профессор Бобокулов Насилло Асадович менен жолугушуу болду.

Эки окуу жайдын ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү.

Келишимде төмөнкү багыттагы иш-чаралар камтылды:

-окуулардын бардык категориялары боюнча академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу;

-квалификацияны жогорулатуу, жумуш иш сапары, профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлердин стажировкадан өтүүсү;

-биргеликте билим берүү программасын иштеп чыгуу, кош дипломдуулук программасы;

-маалымат алмашуу, илимий жана билим берүү ишмердигин илимий-усулдук жактан камсыз кылууга бири-бирине жардам көрсөтүү;

-окуу, окуу-методикалык жана илимий иштерди ишке ашыруу боюнча адистерди алмашуу;

-жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;

-окутуучуларды, кызматкерлерди жана студенттерди илимий стажировкадан өткөрүүгө мүмкүндүк берүү;

-эл аралык илимий-практикалык иш чараларды өткөрүү (форумдарды, симпозиумдарды, семинарларды, вебинарларды ж.б.);

-биргеликте билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу;

-кызматкерлердин илимий макалаларын окуу жайдын илимий журналдарына басып чыгарууга;

-профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин илимий иштерин өз ара рецензиялоону ишке ашыруу жана диссертациялык кеңештердин иштерине окумуштуулардын катышуусун уюштуруу;

-алдыңкы окутуу ыкмаларын өрчүтүү жана жаңы билим берүү технологияларын жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу жана башка эки тараптын мыйзамдарына терс келбеген иш чараларды уюштуруу.