ТТГФ: Сулайман-Тоо музейинде гоеография адистигинин бүтүрүүчүсүнүн өздүк көргөзмөсү болуп өттү.
2021-05-10 15:54:31 209
2020-жылдын 15-январында Сулайман-Тоо археологиялык музейинде география адистигинин бүтүрүүчүсү Ж.Апиевдин “Жаңыбайдын жаңылыгы” аттуу өздүк көргөзмөсү өткөрүлдү. Анда ал өзү колдо чийген “Кыргызстандагы археологиялык эстеликтер”, “Сулайман-Тоонун топографиялык картасы”, “Дүйнөнун элдеринин карталары” жана Сулайман-Тоодо өскөн өсүмдүктөрдүн гербарийлери көрсөтүлдү. Көргөзмөгө ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин деканы, профессор А.Г. Низамиев жана география бөлүмүнүн окутууучу-профессордук курамы катышты.Иш-чара жогоку деңгээлде болуп, агай-эжекелер Жаңыбайга дем-күч бере турган сөздөрдү айтышты.