ТТГФ: “Туризм” багытынын ата-энелери менен жолугушуу болду

2020-01-09 12:50:21 215

2019-жылдын 21-ноябрь күнү факультетте “туризм” бакалавр багытынын 1-курсунун (ТМ(б)-1-19, ТМ(б)-2-19 тайпалары) студенттеринин ата-энелери менени жолугушуу уюштурулду. Ага Ош шаарынан, түштүк областтарынан жана Өзбекстандан 36 ата-эне келип катышты. Жолугушуу кураторлор профессор А.Г.Низамиев жана окутуучу Г.А.Момошева тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа менен башталды. Концертти жогоруда аталып өткөн тайпалар эң мыкты деңгээлде өткөрүштү. Концерттик программадан кийин ата-энелер үчүн факультет менен тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлдү. Андан соң факультеттин компьютердик классында аталган адистикти тейлеген кафедра башчысы, доцент К.Т.Самиев жасалып жаткан иштер, мобилдүүлүк, окуу процесси ж.б. тууралуу презентация жасады. Ошондой эле ата-энелер өздөрү кызыктырган суроолорго жооп алышты. Алардын негизги сунуштары чет тилдерге басым жасап окутуу менен академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жагы болду.