ТТГФ: Финансылык сабаттуулук боюнча иш-чаралар жүрүп жатат

2020-01-09 12:42:13 213

2019-жылдын 22-25-октябрь күндөрү атайын мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көмөгү менен Германия эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ) менен биргеликте иштелип чыккан 3 күндүк (32 саат) атайын тренерлер үчүн уюштурулган тренинг болуп өттү. Бул тренинге ТТГФнын экономикалык география жана эл аралык туризм кафедрасынын окутуучусу Г.А.Момошева катышып, финансылык сабаттуулук боюнча тренерлик сертификатка ээ болду. Жогоруда аталган жетишүүлөрдүн негизинде А.Г.Момошева 7-8-ноябрь күндөрү аталган факультеттин “туризм” адистигинде окуган 20 студентке 2 күндүк тренинг өтүп берди. Жыйынтыгында тренингге катышкан студенттер финансылык сабаттуулугун жогорулатышып, андан сырткары сертификаттарга ээ болушту.