ТТГФ: доцент Т.А.Мамытов Санкт-Петербург шаарында илимий иш сапарында болуп келди

2020-01-09 12:34:47 205

2019-жылдын 21-29 октябрь күндөрү химия жана химия-экологиялык, криминалистикалык экспертиза кафедрасынын доценти, х.и.к. Мамытов Т.А. Санкт-Петербург шаарында (Россия) илимий иш сапарында болуп кайтты. Анын негизги максаты Санкт-Петербург университетинин Химия институту жана Санкт-Петербург химиялык-технология университети менен илимий байланыштарды түзүү, химиялык лабораторияларда заттардын касиеттерин окуп-үйрөнүүдө физикалык-химиялык приборлор менен таанышуу, синтезделип алынган заттарга химиялык анализдерди жүргүзүү болду. Иш сапар учурунда химия багында Россиянын белгилүү окумуштуулары, профессорлор Зарембо В.И., Соболев В., Мерещенко А.С. менен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду жана илимий лабароториялардагы приборлордун иштөө принциптери менен таанышуу болду.