ТТГФ: 2018-2019-окуу жылындагы университеттеги мыктылар аныкталды

2019-10-19 14:56:24 276

2019-жылдын 5-октябрь күнү ОшМУнун ректорунун м.а., доцент К.Г.Кожобековдун катышуусу менен Мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу жыйын болуп, анда 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “ОшМУда тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынактардын” жобосуна ылайык өткөрүлгөн “Жылдын куратору” сынагында ТТГФнин ТМ(б)-1-17 тайпасыны куратору Базарбаева Гүлкайыр 2-орунду ээлеп, “Жылдын куратору” номинациясы менен II даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми “Эң мыкты студенттик тайпа” сынагына “туризм” адистигинин 3-курсунун ТМ(б)-1-17 тайпасынын студенттери катышып, “Эң мыкты студенттик тайпа” номинациясы боюнча II даражадагы диплом менен сыйланды. “Жылдын мыкты жаштар комитети” сынагында факультеттин жаштар комитетинин төрагасы, ХБ(б)-1-17 тайпасынын студенти Осмонали уулу Адакан “Жылдын мыкты жаштар комитети” номинациясы үчүн I даражадагы дипломуна татыктуу болду.