ТТГФ: Эл аралык туризм күнү туристтик жүрүш жана туристтик жарыш менен белгиленди

2019-10-19 14:54:05 192

2019-жылдын 27-сентябрь күнү табият таануу жана география факультетинде туризм багыты боюнча билим алып жаткан студенттер (колледж, бакалавр жана магистратура) жана окуткан кызматкерлер Араван районунда Эл аралык туризм күнүн салтанаттуу түрдө белгилешти. Ал күндүн биринчи жарымында "Жарганат" үңкүрүнө туристтик-экологиялык жүрүш жасалды жана ал жерде профессор А.Низамиев тарабынан жарганаттарды коргоо боюнча талаа лекциясы уюштурулду. Күндүн экинчи жарымында А.Турганов атындагы жатак-интернат мектебинин территориясында командалар арасында туристтик слет өткөрүлдү.