ТТГФ: "Туризм" багытындагы студенттер үчүн "XXI кылымдын туризми: Кыргызстан" аттуу ийрим ачылды

2019-10-19 14:35:04 214

2019-жылдын 20-сентябрында туризм боюнча адистер (кураторлор) А.Низамиев жана Г.Момошеванын катышуусунда "туризм" багытынын 1-курсунун 2 тайпасынын демилеги менен түзүлгөн "XXI кылымдын туризми: Кыргызстан" аттуу ийримдин салтанаттуу ачылышы болду. Анда ийримдин ачылышынын себеби жана мааниси тууралуу сөз болду жана ийримдин иштешинин планы талкууланды. Студенттер ийримдин эмблемасы түшүрүлгөн ак футболкаларды жана крушкаларды даярдап келишти.