2019-05-29 17:07:05 187
2019-жылдын 15-20-апрель күндөрү табият таануу жана география факультетинде “EdNet” агенттиги тарабынан төмөнкү багыттар көз карандысыз аккредитациядан өттү: орто кесиптик билим берүү боюнча билим берүү программалары: 111801 - ветеринария; 600200 - туризм; магистратура боюнча билим берүү багыттары: 550100 – табигый илимий билим берүү; 520100 - химия, 520200 - биология, 520400 – география. Аталган агенттиктин 2019-жылдын 29-апрелиндеги отурумунун № 11 СА протоколунун негизинде төмөнкүдөй жыйынтык болду: -орто кесиптик билим берүү боюнча 111801- ветеринария багыты 1 жылга шарттуу; -орто кесиптик билим берүү боюнча 600200 - туризм багыты 5 жылга мониторинг өткөрүү менен; -магистратура боюнча 520100 - химия, 520200 - биология, 520400 - география багыттары 5 жылга аккредитациядан өтүштү; -магистратура боюнча 550100 – табигый билим берүү багыты кайрадан аккредитациядан өтүп, 4 жылга аккредитациясы узартылды.