2019-05-17 18:24:38 212
2019-жылдын 15-майында “туризм” багытынын 2-курсунун магистри, № 50 Нышанов атындагы мектеп-гимназиянын географ-мугалими Жапар кызы Бактыгул Ош шаарында өткөрүлгөн “Жаш мугалим - 2019” сынагынын финалдык баскычында баш байгени (гран-прини) жеңип алды. Конкурс бир канча этаптан туруп, ар биринде Бактыгул өз артыкчылыктарын чечкиндүү жана жеткиликтүү көрсөтө алды. Сыйлоо катары 35 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле КРнын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каты, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Ош шаарынын мэринин ыраазычылык каты жана Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул конкурс КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбаев А.М. демилгеси жана демөөрчүлүк колдоосу менен уюштурулду. “Жаш мугалим-2019” кароо-сынагы 2018-жылдын декабрь айында башталып, ал жалпы 3 турдан турду. 1-турда документтер, портфолио текшерилип, 40 мугалимден 9 мугалим тандалып алынды. Ал эми 2-турда ачык сабактар өтүлүп, социалдык тармактардан добуш берүү болду. Ал эми 3-турга 7 мугалим тандалып, программасы төмөндөгүдөй болду: 1.Менин педагогикалык өнөрканам; 2.Саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу; 3.Суроо-жооптор (макстер класс, педагогикалык кырдаалдан чыгуу, полиглот мүнөтү); 4.Өнөр кесип тандабайт.