ТТГФ: Андижан мамлекеттик университетинин окумуштуулары менен илимий флоралык экспедиция уюштурулду

2019-05-16 09:45:25 223

2019-жылдын 7-13-май күндөрү ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын окутуучусу Маматкулов Орозбай Андижан мамлекеттик университетинен келген окумуштуулар - б.и.к., доцент Наралиева Насиба, магистр Мадаминов Фаррух, Кытай Илимдер академиясынын Куньмин ботаникалык институтунун докторанттары Юсупов Зиёвиддин жана Махмуджанов Дилмурод менен Кыргызстандын аймактарындагы флоранын эндемикалык түрлөрүн үйрөнүү боюнча эл аралык илимий экспедицияга чыгып келди. Бул 2016-жылдын 26-октябрында Ош шаарында түзүлгөн ОшМУ жана АндМУнун ортосундагы меморандумга ылайык алгачкы биргелешкен илимий экспедиция болуп эсептелет. 2019-жылдын күзүндө Кытай Илимдер академиясынын Куньмин ботаникалык институту менен ОшМУнун ортосунда атайын келишим түзүү күтүлүүдө.