2019-05-16 09:30:51 218
2019-жылдын 4-майында "туризм" багытынын 1-курсунун студенттери "Туризм өз крайын таануудан башталат" аттуу девиз менен Ак-Буура дарыясынын жогорку агымындагы Папан адыр чөлкөмүндө болуп келишти. Бул жазгы экскурсия ТТГФнин деканы, профессор Низамиев А.Г., география бөлүмүнүн башчысы, доцент Алайчиев Э.К., экономикалык, социалдык жана саясий гоеграфия кафедрасынын башчысы, доцент Самиев К.Т. жана аталган кафедранын окутуучулары Момошева Г.А., Сарыков Р. тарабынан жасалган туризм, жаратылыш, экология ж.б. темаларга байланышкан талаа лекциялары менен коштолду. Андан тышкары жазгы ландшафт менен таанышуу жана талаа оюндары уюштурулду.