2019-05-16 09:15:10 211
2019-жылдын март айында декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары Ж.Султановдун жана жаштар комитетинин демилгеси менен факультетте "Бир студент бир гүл" аттуу конкурс жарыяланып, ага студенттер жамааты активдүү катышты. Жыйынтыгында факультеттин гүлдөр фонду 200 гүл менен толукталды. Бул саамалыкта алдыга чыккан тайпалар: ТМ-1-17 (куратору Базарбаева Г.), БК-1-18 (куратору Маматкулов О.), ТМ-1-18 (куратору Султанов Ж.). Бул ОшМУнун өнүгүү концепциясына ылайык ТТГФ экологиялык факультет болууга аракет жасап жаткандыгынын бир кадамы болуп саналат.