ТТГФ: Алай жана Чоң-Алай райондорунун флора жана фаунасы туризм багыты үчүн изилденет

2019-04-12 12:27:58 208

Өнүгүү жана кызматташуу боюнча швейцариялык башкаруунун (SDC) чечими менен “Кыргыз Республикасындагы Хельветас” уюму тарабынан аткарылып жаткан “Бай Алай – Алай жана Чоң-Алайда кичи бизнес жана киреше берүүчү ишмердүүлүктү түзүү боюнча программанын” алкагында ТТГФнин окумуштуулар тобу (Низамиев А., Коланов О., Абжамилов С., Абдыкааров А., Каримов Б.) “Алай жана Чоң-Алай райондорунун флора жана фаунасын изилдөө” аттуу долбоорду утуп алышты. Изилдөө үчүн аталган уюмдан 295 753 сом бөлүнүп, ал 2019-жылдын 25-мартынан 30-октябрына чейин жүргүзүлөт. Изилдөөгө студенттер жана магистрлер да тартылат. Жыйынтыгында аталган райондордун флора жана фаунасынын түрдүк курамы, бийиктик алкактуулук боюнча таркалуу ареалдары жана сезондук жашоо-аракеттеринин өзгөчөлүктөрү изилденүү менен картасы түзүлүп, ата мекендик жана чет элдик туроператорлор үчүн туристтик продукт катары сунушталат. 2019-жылдын 8-апрелинде “Кыргыз Республикасындагы Хельветас” уюмунун Оштогу филиалында долбоордун старттык жыйналышы болуп өттү.