2019-04-11 20:14:25 201
2019-жылдын 9-апрелинде ТТГФнин зоология жана экология кафедрасынын доценттери Көчкөнбаева Н., Ормонкулов Т. жана Эркебаев Т., ветеринария багытынын студенттери Женишбеков А., Мамажунусов Э., Пазылов Ф. жана Шамырбеков М. Андижан мамлекеттик университеттинин табигый илимдер факультетинде болуп кайтышты. Кыдыруунун максаты тажрыйба алмашуу жана конок лекция окуу болду. Аталган окумуштуулар "Эпизоотологическое состояние Кыргызстана" деген темада мастер-класс өттү. Бул аталган багыттын эл аралык деңгээлде кызматташуусунун алгачкы кадамы болуп саналат.