2019-04-10 20:16:54 231
2019-жылдын 6-апрель күнү табият таануу жана география факультетинин профессордук-окутуучулук курамы ботаникалык бакта ишембилик күнүн өткөрүштү. Жаан жааганына карабай иш кызуу жүрүп, алма көчөттөр эгилди. Негизинен бул күнгө ботаникалык бакта төмөнкү жумуштар аткарылды: 60000 сомго 400 даана 3 түрдүү сорттогу Сербиядан алынып келинген полукарлик алма көчөттөрү эгилди (келишимдин шартына ылайык көчөт саткан тарап 2 жыл бою көчөттөрдү жетилтүү боюнча акысыз мастер класстарды өтүү менен бирге айрым себептер менен өспөй калган көчөттөр болсо өз эсебинен алмашып берет); 3950 сомдук ак маңыздуу грек жангагы Кара-Алма токой чарбасынан сатылып алынып келип, питомникке эгүүгө даярдалып жатат (келечекте 1000 даана грек жангагынын көчөтү жетилтилет); 4000 сомго 1 гектар жер айдатылып, малаланды; 450 даана можжевельник дарагынын калемчелери питомникке отургузулду; ОшМУнун профсоюзу тарабынан алынып келинген 100 даана Павловния дарагынын калемчеси отургузулду.