2019-04-10 20:09:12 186
2019-жылдын 4-5-апрелинде ТТГФнын деканы, профессор Низамиев А.Г., физикалык география, колдонмо геодезия жана ТТК кафедрасынын башчысы, доцент Шербаева З.Э., аталган кафедранын улук окутуучусу Исакова У.И., экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын окутуучусу Момошева Г.А. Андижан (АндМУ), Наманган (НамМУ) жана Фергана (ФерМУ) мамлекеттик университеттеринде жана Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда (КМПИ) болуп кайтышты. Кыдыруунун максаты жогорку билим берүүдө кызматташтык, академиялык мобилдүүлүк жана конок лекцияларын окуу болду. Кыдырууда АндМУнун ректору, б.и.д., профессор Юлдашев А.С., НамМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору, х.и.к., доцент Кодирхонов М.Р., ошол эле университеттин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Лутфуллаев П., КМПИнин табигый илимдер факультетинин деканы, х.и.д., профессор Хужаев В.У., ФерМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент Газиев К.С., ошол эле университеттин азыркы педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу борборунун деканы, г.и.д., профессор Ахмадалиев Ю.И., ошондой эле аталган университеттердеги география кафедраларынын мүчөлөрү менен иштиктүү жолугушуулар болду. Профессор Низамиев А.Г. АндМУ, НамМУ жана КМПИде “Азыркы географиялык билим берүү жана бул жаатта Фергана өрөөнүнүн масштабында кызматташуу”, ФерМУда “Азыркы географиялык билим берүү жана Фергана өрөөнүнүн масштабында географиялык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу” деген темаларда конок лекцияларын окуду жана студенттердин (угуучулардын) кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ошондой эле кыдыруу мезгилинде А.Низамиевдин Фергана өрөөнүнүн географтарынын ассоциациясын түзүү идеясы бардык университеттерде жактырылды жана колдоого алынды.