ТТГФ: “Мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу: педагогикалык ченөө” тегерек столу

2019-04-10 19:19:12 195

2019-жылдын 14-мартында КЕФнин конференц-залында “БИОМ” экологиялык уюму тарабынан “Кыргыз Республикасында мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылонун механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу: педагогикалык ченөө” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чараны ректор Исаков К.А. ачып, анда долбоордун координатору Кириленко А.В., долбоордун эксперттери Курохтин А.В., Яковлев М.В., Уметов У.Т., дизайнер Ахметов М.Д., ОшМУнун Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Алтыбаева М.А. тиешелүү докладдар менен чыгышты. Тегерек столдон кийин катышуучулар ТТГФнинде долбоордун негизинде жасалуучу жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылынуучу кааналар менен таанышышты.