ОМК, СИЛЛАБУС, ЛЕКЦИЯ, ЛАБОРАТОРИЯЛЫК САБАКТАР, БКФ билет, тест, модулдук суроолор), СӨАИ

Биохимия дисциплинасы боюнча окуу методикалык комплекси

1. Түшүндүрмө кат

Биохимия предмети окуу планынын негизинде 5-курста негизги предмет катары окутулат. Биохимия биологиялык билим берүүдөгү негизги дициплиналардын бири болуп саналат жана тирүү организмдердин жашоо тиричилигиндеги негизги химиялык процесстерди, айланууларды, химиялык кошулмаларды, алардын түзүлүштөрүн жана аткарган кызматтарын үйрөтөт.

Тирүү организмдеги жүрүп туруучу бардык процесстер бири-бири менен тыгыз байланышта жана алар бир гана клетка ичиндеги эле эмес, клетка сыртындагы шарттардан да көз каранды. Ошондуктан аларды жалпы курчап турган чөйрө менен биргеликте кароо керек.

2. Дисциплинаны окутуунун максаты жана милдеттери

Предметтин максаты:

Биохимия предметинин негизги максаты – заманбап биохимиялык жана биофизикалык методдорду пайдалануу менен тирүү организмдердин молекулярдык курамын, клеткадагы жүрүүчү химиялык реакцияларды, ага катышуучу жана регуляциялоочу, тукум куучулук информацияны сактоого жана өткөрүп берүүгө жооптуу биомолекулалардын структураларын жана функцияларын ошондой эле зат алмашуу процессиндеги алардын ортосундагы өз ара байланыштарды ачып түшүндүрүүдө.

Предметти өздөштүрүү менен студент билиши керек:

- тирүү организмдин клеткаларынын негизги химиялык курамын;

- клеткадагы химиялык айланууларды жана бул процесстерди тейлөөдө биокатализаторлордун (ферменттердин) ролун;

- тирүү клеткалардагы химиялык процесстердин жөнгө салынышы (регуляцияланышы) жана тукум куучулук информацияны сактоодо, аны өткөрүп берүүдө белоктордун, нуклеин кислоталарынын аткарган кызматын.

Колдоно билет (колунан келиши керек). Тирүү организмдердин химиялык түзүлүшүн анализдеп, молекулярдык деңгээлде биле алат. Ар бир түзүлүштүн молекулярдык өзгөчөлүктөрүн таап, бул же тигил химиялык процесстин өзгөчөлүктөрүн чечмелей алат.

Ык-машыгууларга ээ болот. Студенттер биохимиялык лабораториялык эркин иштөөгө өзүнүн билимин колдоно алат. Өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин молекулярдык химиялык түзүлүшүн, алардын клеткалык, ткандык, органдык деңгээлдеги түзүлүшүнө баа бере алат, аларды өз алдынча изилдеп, илимий изилдөө иштеринин негиздери менен тааныш болот.

Адистик боюнча дисциплиналар системасындагы орду. Дисциплина фундаменталдык табигый илимдерге кирип, жалпы кесиптик биологиялык предметтердин негизги тармагы болуп эсептелет.


3. Курсту окутуу саясаты
Бул курс биология, химия, медицина жана айыл чарба адистерин даярдоо үчүн окутулат жана алар алган билимдерин, ык-машыгуу жана көндүмдөрүн биология, химия мугалимдери катары билим берүү жаатында, айыл чарба, саламатыкты сактоо тармактарында (ден соолугун чыңдоого), үй тиричилигинде пайдалана алышат.

Окуу процесси модулдук-рейтингдик системасы боюнча уюштурулат, ал эми билимди баалоо AVN информациялык системасы менен жүргүзүлөт.

4.Мүмкүн болбогон аракеттер:
Биохимия курсу клетканын компоненттеринин химиялык курамынын: белоктордун, ферменттердин, нуклеин кислоталарынын, углеводдордун, майлардын химиялык түзүлүштөрүн жана касиеттерин, алардагы биохимиялык процесстерди окуп үйрөтөт. Башкача айтканда ЖОЖда окутулуучу биохимия дисциплинасынын программасындагы окуу материялдарын өздөштүрүү менен тиешелүү көндүмдүрдү, ык-машыгууларды алуу, анализдөө жана күндөлүк турмушта пайдалана билүүсү.
5. Кийинки реквизиттер (билимдер).
Биохимия курсун өздөштүрүү менен студенттин тандап алган кесибине байланышкан тиешелүү көндүмдөр, ык-машыгуулар, аларды анализдей билүүсү жана күндөлүк турмушта пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

Тирүү организмдерде энергиянын пайда болуу механизмин, макромолекулалардын биосинтезделүү жолдорун түшүндүрүүдө башка дисциплиналар менен байланыштарын көрсөтүү.
6. Техникалык камсыздоо
Ар бир тиешелүү тема боюнча слайддар жасалып, компьютердин, интерактивдүү досканын же проектердин жардамы аркылуу видеофильмдер көрсөтүлөт.