1) мамалекеттик компонент катары – жалпы биология, ботаника (өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы, систематикасы, физиологиясы), генетика, биохимия, биотехнология, микробиология, биологияны окутуунун теориясы жана методикасы,
2) ЖОЖдук компонент катары бир катар дисциплиналар: Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү, өсүмдүктөрдүн жекече өрчүүсүнүн биологиясы, Кыргызстандын дары-дармек өсүмдүктөрү, гүл өстүрүүчүлүк, табият таанууну окутуунун методикасы, биологияны окутуунун инновациялык жана традициялык эмес методдору, табигый билимдердин негиздери, биогеография жана башка бир нече атайын курстар жана практикумдар киргизилген. Аталган дисциплиналарды терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык сабактардын иштелмелери жогорку илимий-методикалык жактан иштелип чыгууда.
Ошондой эле кафедрада Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук механизмдерин өнүктүрүү долбоору – мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коппсуздугунун комплекстик стандартын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында ишке ашырылды. Келечекте бул стандарт Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүн коопсуздуктун жаңы сапаты менен камсыздайт. Долбоордун алкагында бир катар тегерек столдор, семинарлар, тренингдер өткөрүлгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында 12 пилоттук (сынамык) мектеп жана алдыңкы педагоги-калык жогорку окуу жайларында билим берүү коопсуздугунун 3 борбору түзүлгөн. Анын экөө Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында, бирөө Ош шаарынын ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында « Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору» түзүлгөн.
Стандартта мектеп чөйрөсүнүн коопсуздугунун 3 багыты камтылган:
1. Экологиялык коопсуздук – балдар экологиялык таза чөйрөдө окуп, алардын ден соолугуна эч нерсе коркунуч жаратбашы керек.
2. Ден соолук коопсуздугу – балдарды окутуу үчүн мектепте түзүлгөн саламат-тыкты сактоо инфраструктурасын билдирет.
3. Психологиялык коопсуздук – ар бир окуучу өзүн социалдык жактан активдүү инсан катары сезүүсү керек.
Жогорку багыттарды эске алуу менен мектеп шартында окуучулардын коопсуз билим берүү чөйрөсүн уштуруу максатында заманбап окуу куралдары менен камсыз-далган лекциялык, лабораториялык жана психологиялык аудиториялар түзүлүп, учурда семинарлар жана сабактар өтүлүп жатат.
“Толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору” коопсуз экологиялык жактан таза материалдардан жасалган столдор, отургучтар, шкафтар, гүл койгучтар менен жабдылган. Окуу имаратынын сыртын, ичин экологиялык жактан жашылдандырууну, азык-заттардын курамындагы нитраттарды, радиацияны, микроклимат боюнча аудиториядагы абанын температурасын, агымын, нымдуулугун, шумду, табигый жана жасалма жарыктандырууну, суунун тазалыгын, тунуктугун, түсүн, жытын жана башкалардын стандарттык нормага туура келгенин аныктоочу заманбап окуу куралдар менен камсыздалган.
Мектептин айлана-тегерегин жашылдандыруу – мектеп окуучуларынын саламаттыгы жана ар тараптуу: эстетикалык, экологиялык маданияттуулугунун өнүгүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн маанилүү жана алмаштыргыс бөлүгү. Ошондуктан окуу имаратынын сыртын жана ичин жашылдандырууда бак-дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн ар кандай түрүн өзүнө камтуучу туруктуу биосистеманы уюштуруу зарыл. Ал үчүн вертикалдык жана горизанталдык жолдор менен жашылдандыруу иш-чараларын жүргүзүүгө болот. Мисалы, Вертикалдуу жашылдандырууда колдонулуучу негизги өсүмдүк катары: асылып өсүүчү чырмоок, асылып өсүүчү роза, лиандын түрлөрү, шилби (жимолость), кулмак (хмель) жана кыркылган дарактар түзөт.
Мындан сырткары, “Билим берүү чөйрөсүнүн азык коопсуздугу” боюнча төмөнкүдөй мазмундагы теориялык маалыматтар өздүштүрүлүп, алар лабораториялык-практикалык сабакта аныкталат.
Коомдо адамдардын, өзгөчө балдардын социалдык уюмдардагы тамак-аш коопсуздугу бүгүнкү күндөгү негизги маселелерден. Учурдагы заманбап шарттарда мектеп окуучуларынын туура тамактануусу жөнүндөгү маселе өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Анткени туура тамактануу – баланын жетилип келе жаткан организминин сергек өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ.
Тамак-аш организмге зарыл болгон азыктардын жана биологиялык активдүү заттардын булагы, бирок муну менен катар эле ар түрдүү чоочун заттардын (ксенобиотиктердин, уу химикаттардын, нитраттардын, нитриттердин, микотоксиндердин, ар түрдүү биологиялык булгагычтардын (микроорганизмдердин, вирустардын, гельминттердин) ж.б.у.с. да булагы болуп эсептелет. Ошондуктан тамак-аш азыктарынын коопсуздугун ар бирибиз билүүбүз зарыл.
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу – бул тамак-аш азыктарын кадимки шарттарда пайдалануу зыянсыз экенине, азыркы жана келечек муундардын ден соолугуна коркунуч жаратпай турганына негиздүү ишеним болгон абал.
Тамак-аш азыктары көп компоненттүү система, андыктан андагы бардык кошулмаларды үч топко бөлүүгө болот:
Изилдөөнүн обьектиси катары лабораторияда өсүмдүктөрдүн түркүн тиричилик формалары: талломдуу өсүмдүктөр ( козу-карындар, балырлар, эңгилчектер), жогорку түзүлүштөгү мох сыяктуулар, папоротник сыяктуулар, гүлдүү өсүмдүктөр камтылган. Ошону менен бирге, Кыргызстандын түштүгүндөгү Кызыл китепке киргизилген айрым өсүмдүктөр; сууларды тазалоочу өсүмдүктөр (фитофильтрлер); бактерициддик өсүмдүктөр; медицинада колдонулуучу өсүмдүктөр, суунун тазалыгын билдирүүчү өсүмдүктөр (индификаторлор) көрсөтүлгөн.
Лабораторияда аталган өсүмдүктөрдүн айрымдары сабак өтүүдө жана илимий максаттарда атайын өстүрүлгөн. Өсүмдүктөрдүн анатомиялык түзүлүшү, көбөйүү про-цесстери микроскопто көрүлүп, интерактивдүү доскага чыгарылып үйрөнүлөт.
Лаборатория өсүмдүктөрдүн коллекциялары, герба-рийлери, заманбап микро-скоптор: “Тринокулярный Levenhuk MED 20”, “Olimpus СH 20”, “Биолам”, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган. Доскада айрым өсүмдүктөрдүн көбөйүшү жана алардагы органикалык заттардын пайда болушу б-ча көргөзмөлүү жумуштар аткарылат.
Лабораторияда өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча профессор Б.Каримованын мекте-бинин калеминен жаралган илимий макалалар, журналдар, аныктагычтар, Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби, КРнын генетикалык фондунун Кадастры (авторлордун бири катары), монографиялар, сөздүктөр, методикалык колдонмолор, адабий чыгармалар ж.б. бар. Лабораториядагы материалдарды окутуучу-илимпоздор, магистранттар, студент-тер пайдалана алышат.
Жогоруда көрсөтулгөндөрдүн негизинде профессор Каримова Б.К. шакирттери менен биргеликте лабораториядагы көрсөтулгөн окуу куралдарды колдонуу менен сабактарды өтөп келген жана ал төмөндө чагылдырылган:
Кыргыз Республиканын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республиканын «Даңк» медалынын ээси; Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясынын ачылыш аземи 2021-жылдын 11-мартында Табият таануу жана география факультетинде өткөрүлдү.
Окуу-методикалык иштер
Кафедранын перспективалык планы:
· кафедра мүчөлөрүнүн окуу-методикалык чеберчилигин жогорулатуу;
· ар бир дисциплина боюнча окуу методикалык комплекстердин электрондук, басма варианттарын даярдоо;
· студенттердин арасында тарбиялык иштерди өркүндөтүү;
· кафедранын “Биология”профили боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
· кафедра мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана илимий-медициналык кадрларды даярдоо;
· кафедранын дисциплиналары боюнча окуу колдонмолорун, окуу китептерин даярдоо жана басмадан чыгаруу;
· теориялык жана практикалык сабактарда заманбап технологияларды максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн программаларды жана башка дидактикалык колдонмолорду иштеп чыгуу;
· эл аралык билим берүү программаларына жана долбоорлорго активдүү катышуу.
ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР
Кафедранын дисциплиналары боюнча жумушчу программалары тиешелүү багыттардын негизги билим берүү программаларынынын негизинде түзүлөт жана кафедранын кеңешмесинде бекитилип, уюштуруулуучу иштер чагылдырылган иш планы, кеңешмелеринин планы түзүлөт.
Кафедрада окуу-методикалык иштерге байланыштуу “Жогорку окуу жайларда жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин биология сабактарында заманбап окутуу технологияларын колдонуу методикасы” деген темада илимий-теориялык, окуу-усулдук биргелешкен семинар иштейт. Ал боюнча илимий-методикалык докладдар даярдалып, кафедранын илимий теориялык жана методикалык семинарында талкууланып турат. Семинарда биологиянын түрдүү тармактарындагы жетишкендиктери, биологиянын азыркы учурдагы актуалдуулугу жана орчундуу маселелери боюнча стейхолдерлер менен биргелешкен семинарлар уюштурулат.
Кафедрадагы бардык окутуучулар түрдүү багыттар боюнча билимин өркүндөтүүчү курстарга, илимий методикалык семинарларга катышып, сертификаттарды алышкан. Мисалы: Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Маматкулов О.И., «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү»; Коланов О, Буранов Э.Ш., Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Маматкулов О.И., “Дистанттык окутуунун технологиясы”; Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Маматкулов О.И., Буранов Э.Ш. “Предметти жана тилди интеграциялап окутуунун методикасынын негиздери”; Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Буранов Э.Ш. “Баштапкы эксперимент - SEA”; “Эмилбекова Д.А., Боронбаева А.А., Умарова Р.Д., Осмонали у.Адакан “Окутуунун он-лайн платформасы”, Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А. “Заманбап окутуу технологиялары”. Кафедранын бардык окутуучулук курамы “Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун териясы жана усулу” аттуу семинарларга катышып, сертификатка ээ болушкан.
Кафедранын окутуучулары сабактарды электрондук окуу материалдарын, мультимедиялык каражаттарын жана лабораториялык тажрыйбаларды жүргүзүүдө натуралдык обьектилерди заманбап микроскопторду колдонуу менен өтүшөт. Бул багытта атайын жабдылган 216-217-311-313-аудиторияларда кафедранын мүчөлөрүнүн сабактарды өтүү жадыбалы түзүлүп, анын аткарылышы кафедра тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Окуу куралдары:
1. Тажибаев А. Кенжеева Г.К. Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы боюча лабораториялык сабактар үчүн колдонмо.– Ош, 2001
2. Тажибаев А., Уметалиев М.Т. Генетика жана селекциянын негиздеринин кыскача курсу. – Ош, 2003
3. Тажибаев А. Генетикадан маселелер жана көнүгүүлөр. – Ош, 201 7.
4. Каримова Б.К., Ж.С. Абдырахманова Өсүмдүктөрдүн систематикасы боюнча лабораториялык практикум. – Ош, 2020
5. Эмилбекова Д.А. Биологияны окутуунун теориясы жана методикасы, – Ош, 2017
6. Эмилбекова Д.А., Субанова М. Билимди системалаштыруунун ыкмалары жана каражаттары (методикалык-колдонмо) – Ош, 2003
7. Эмилбекова Д.А., Субанова М Биологиялык түшүнүктөрдү калып тандыруунун негизинде окуучу-лардын билимин системалашты-руу (жаныбарлардын биологиясы курсу) (методикалык колдонмо) – Бишкек, 2012.
8. Т.Т.Жумабаева , Саипкулова Г.С., Молдалиев Ж.Т. Биохимия боюнча лабораториялык колдонмо. – Москва, 1966
9. Эркебаев Т.К., Аттокуров К.Ш., Мурзабаев Б.О. Өсүмдүктөрдүн физиологисы боюнча практикум. - Ош, 2001.
10. Абылаева Б.А., Алыбекова А.Э. Практикум по биотехнологии микроорганизмов. – Ош, 2010
11. Абылаева Б.А. Микроорганизмдердин биотехнологиясы боюнча практикум. – Ош, 2016
12. Коланов О., Карымшаков О., Эргешбаев М., Аттокуров К.Ш. Экология. Жогорку окуу жайларынын биологиялык жана биологиялык эмес адистиктер үчүн окуу китеби. – Ош, 2000