2025-04-21 08:05:35 14
2025-жылдын 18-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 620001-“Колдонмо геодезия” адистигинин илимий жумалыгы болуп өттү.
Илимий жумалыккаинституттун окутуучулук – профессорлук курамы жана төмөндөгү иш берүүчүлөр катышты :
Панфиленко Татьяна Гайратовна – ага окутуучу «Пайдалуу кендердин геологиясы» кафедрасы, ОшТУ.
Жолдошов Болот Хамитович – директор «Вертекс Сюрвей» ЖЧК;
Бурканов Жылдыз Нуркамбарович – инженер геодезист «Континент Сервис» ЖЧК;
Атабек уулу Дарманбек – башкы адист «Кара Кулжа районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы»;
Жолдошов Тилек бек Солтобекович – инженер геодезист «Элита Проект» ЖЧК;
Гулжигит уулуКылым бек – Инженер геодезист «Араван цемент заводу» ЖЧК;
Илимий жумалыгындаМирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетин «Геодезия, картография жана кадастр» кафедрасынынын профессору т.и.к., Мирмахмудов Эркин Рахимжанович «О планово-высотной основе топографических карт Ошской области» атуу илимий темасында жана академиялык мобилдүүлүк программасын алкагында эки тараптуу келишимдин негизинде сырткы мобилдүүлук программасын ишке ашыруу үчүн Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинен келген «Геодезия, картография жана кадастр» кафедрасынын студенти Аблакулов Диёр Аскарович “Использование искусственного интеллекта для получения данных в наблюдении за землей” аттуу илимий темада доклад окууду.
Ошондой эле 620001-“Колдонмо геодезия” адистигинин профессордук окутуучулук курамынан окутуучу Ташбалтаева Шааркан Абдималиковна “Оценка изменения и динамики лесов юга Кыргызстана на основе данных дистанционного зондирования Земли” атуу илимий темасында жана окутуучу Мухтаров Данияр Мухтарович “Использование GPS и ГЛОНАСС технологий для картографирования и мониторинга природных процессов в южных регионах Кыргызстана” атуу илимий темасында доклад окууду жана студенттердин арасында илимий темадагы докладдар окуулуп, өзгөчөлөгөн илимий докладдары менен чыккан төмөндөгү студенттерге чоң ыраазычылык билдирилди.
1.3 – курсунун студенти Жунусмаматов Д.А. “Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлеринаралыктан зонддоо” илимий темасы;
2.3 – курсунун студентти Талантбек уулу Нурэлес “Кыймылсыз мүлк обьектерин чектөөнүн заманбап программалык каражаттарын колдонуу (Кара-Суу району, Барак айылынын мисалында)” илимий темасы;
3.4 – курсунун студентти Зулпукаров Н.Р. “Туштук Кыргызстандын токойлорун дистанциялык байкоонун маалыматтары боюнча картографиялык райондоштуруу” илимий темасы;
4.2 – курсунун студенти Токтоназаров С.У. “Ош шаарынын аймагында ландшафттык долбоорлоордогу геодезиялык иштер” илимий темасы.